• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Месси ESPN телеканалынын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу деп таанылды

Спорт 0

Бишкек, 11.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Испаниянын "Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси ESPN телеканалынын версиясы боюнча жылдын мыкты оюнчусу катары таанылды, - деп билдирет Чемпионат басылмасы.

Быйылкы сезондо 32 жаштагы оюнчу Испаниянын улуттук чемпионатында мыкты бомбардир болгон. Ал 34 оюнда 36 гол жараткан.

2018-2019-жылкы сезондо Месси 10-жолу Испаниянын чемпиону аталган. Ошондой эле, ал европалык сезонунун мыкты бомбардирине берилчү "Алтын бутс" наамын 72 упай менен уткан.

Аргентиналык оюнчу Лионель Месси Чемпиондор лигасында 10 оюн өткөрүп, 12 гол киргизген. Амерка кубогунда Аргентинанын курама командасы менен 3-орунга илинген.

Белгилей кетсек, аталган наамга Мессиден сырткары Криштиану Роналду, Килиан Мбаппе жана Вирджил ван Дейк дагы каралган.

Пикир

Оставить комментарий