• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто укалоочу салон делинген жай сойкукана экендиги аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Ошто укалоочу салон делинген жай сойкукана экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, буга чейин Ош шаарындагы райондордун биринде сойкукана укалоочу салон болуп жашырынып иштеп келгени тууралуу маалымат түшкөн. Жергиликтүү тургундар ал жерди текшерүү жүргүзүүнү айтып кайрылышкан.

Милиция кызматкерлери түшкөн маалыматты бир нече ирет текшерип, баардык чогултулган материалдар 167-берененин 1-бөлүгү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Июнь айынын аягында милиция кызматкерлери дарек боюнча барып, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Аталган салондо бир нече кыздар болуп, массаждын ар кандай түрү сунушталган. Анын ичинде эротикалык массаж болгон. Бирок, ал салондо бир да массаждык үстөл болгон эмес.

Алдын ала маалымат боюнча, ал жерде салон атына жашырынып сойкукана иштетилип келген.

Төрт аял кармалып, тергөө органдарына жеткирилген. Алардын бири сойкукана уюштурууга шектелүүдө. Кармалгандардын көбү аймактардан келген кыздар.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий