Миңдеген күйөрмандары артисттин талантына суктанышкан – Зинаида Петренкого жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. Кыргызстандын маданий коомчулугу оор жоготууга учурады.

2023-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Петренко Зинаида Михайловна 73 жашында дүйнөдөн кайтты.

З.М. Петренко 1951-жылы 7-февралда туулган. Россия Федерациясынын Уфа шаарында кесиптик билим алган. Кыргызстанга Орск шаарынан келген.

Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында 1975-жылдан бери иштеп келген. Дээрлик элүү жыл бою ал орус театрына кызмат кылган. Кыргызстанды жана чет өлкөлөрдү көп кыдырган.

Петренко Зинаида Михайловнага Кыргыз улуттук искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы, чыгармачылык жана педагогикалык ийгиликтүү ишмердиги үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген мамлекеттик наамдар ыйгарылган.

Өзүнүн бүтүндөй өмүрүн кыргыз театрына арнап, маданиятка жана искусствого өчпөс из калтырган белгилүү актриса Зинаида Михайловна Петренконун жаркын образы кыргызстандыктардын, театр сүйүүчүлөрүнүн, замандаштарынын, кесиптештеринин эсинде түбөлүккө калат.

Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ал көрүнүктүү актриса, режиссер жана насаатчы катары чыгармачылык ишин улантып келген.

Анын миңдеген күйөрмандары артисттин талантына, акылмандыгына жана ачыктыгына суктанышкан.

Ушул жылдын 5-ноябрында Петренко Зинаида Михайловна “Бальзаминовдун үйлөнүүсү” кайрымдуулук спектаклинде өзүнүн акыркы ролун ойногон.

Петренко Зинаида Михайловнанын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Жапаров, Н. Шакиев, А. Жапаров, З. Базарбеков, Э. Осконбаев, С. Касмамбетов, А. Касымалиев, К. Ташиев, Б. Торобаев, Э. Байсалов, С. Жээнбеков, Р. Отунбаева, Дж. Исаева, Н. Азыгалиев, Н. Сыдыгалиев, А. Кадыралиев, А. Максутов, Т. Ажымалиев, И. Удовиченко, В. Нефедов, С. Бардаков, Т. Казаков, Е. Смирнова, А. Озубеков, Б. Куланбаев, Н. Абдыкадыров, Н. Асанбеков, А. Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, С. Суслова, С. Раев, Ж. Кулмамбетов, Т. Усубалиев, А. Текешев, Л. Любомудрова, А. Адали, М. Алышбаев, К. Турапов, К. Осмонов, Т. Чокиев, М. Бектеналиев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий