• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Минералдык жер семирткич сатып алууга бюджеттен 975,5 млн сом бөлүндү - Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Минералдык жер семирткичтерди сатып келүү максатында республикалык бюджеттен 975,4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын айдоо аянттарынын түзүмүнө жараша 2021-жылга республиканын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон болжолдуу муктаждыгы 266,7 миң тоннаны түзүп, бирок республикага 139,1 миң тонна жер семирткичкер алынып келинген.

"Рыноктун муктаждыгы толук камсыз болбогондугунан улам 2021-жылы жер семирткичтерге болгон баа кескин өсүп кеткен. 2022-жылга карата КРнын айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 268,6 миң тоннаны түзөт деп болжолдонууда, анын ичинен азоттук жер семирткичтер 146,9 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер 104,5 миң тонна, калийдик жер семирткичтер 17,2 миң тонна", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиргендей, минералдык жер семирткичтердин керектелүүчү көлөмүн камсыз кылуу максатында 30,0 миң тонна жер семирткичти сатып келүү үчүн республикалык бюджеттен 975,4 млн сом кошумча акча каражаты бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий