• 87.01
  • 93.6
  • 0.98

Өзбекстанда маданий мурас объектилерин зыянга учураткандар 7 жылга соттолушу мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Өзбекстанда мамлекеттин коргоосундагы материалдык маданий мурас объектилерин жок кылуу, бузуу же зыянга учуратуу үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы киргизилди.

Тиешелүү мыйзамга өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев 15-февралда кол койду.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 132-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Өзбекстанда мамлекеттин коргоосундагы материалдык маданий мурас объектилерин жок кылуу, бузуу же зыянга учуратуу кайталанып же коркунучтуу кылмышкер тарабынан жасалса, мындан тышкары бул ишке атайын кутум менен уюшкан топ барган болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ушундай эле аракет өзгөчө ири көлөмдө зыян келтирүү менен коштолсо, жети жылга эркинен ажыратуу жазасы киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий