• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абаддын Тоо-Кызыл-Суу айылына барчу жол кардан тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына караштуу Тоо-Кызыл-Суу айылына барчу жол кардан тазаланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен шаардын вице-мэри Элдос Таев Тоо-Кызыл-Суу айылынын жашоочуларынан кабар алып, аталган айылга барчу унаа жолду кардан тазалоо жумуштарын жеринде көрүп кайтты.

Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылына барчу жолду жол башкармалыгы тазалап жатат. Аталган айылга бийиктиги 1 метрге чейин кар жаагандыктан унаалардын кыймылы токтоп, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып жаткан.

Белгилей кетсек, Тоо-Кызыл-Суу айылында 700дөй калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий