• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арада дрон учурбоо, тынчтыкты сактоо. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү.

"Кабар" агенттигине президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 24-майда кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Тараптар жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл маалыматтарга жол бербөө маселесин талкуулашты. Аны менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.

Ошондой эле тараптар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагын да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий