• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарында элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындарын өткөрүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Графикке ылайык, биринчи жыйын “Туран” МАБда өттү. Иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары А.Айтбаев, Б.Баетов, Х.Исамова, А.Раимбердиева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн Элдик Курултайга 59 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.

Белгилей кетсек, ушундай эле жыйын эртең, 18-октябрда “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий