• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Максутов: Баткенде 20 кычкылтек концентраторун, эки жасалма дем алдыруучу аппаратын сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткенде 20 кычкылтек концентраторун, эки жасалма дем алдыруучу аппаратын сатып алуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткенде 42 жасалма дем алдыруучу аппарат, 34 кычкылтек концентратору иштеп жатат.

“Коронавирус оорусу күчөгөндөн бери коомдук уюмдар, демөөрчүлөр тарабынан дагы 2 жасалма дем алдыруучу аппарат, 4 кычкылтек концентратору ооруканаларга тапшырылды. Мындай жардамдар күн сайын болуп жатат. Биз учурда 3 айга жете турган керектүү аппараттарды камдоо боюнча билдирүүлөрдү бердик, сатып алуулар жүрүп жатат”, - дейт ал.

Максутов кошумчалагандай, учурда облуста 110 миң беткап, 7 миң 574 бир жолу колдонуучу комбинезон, 2 миң 896 көп жолу колдонуучу комбинезон жана 8 миң 25 респиратор бар.

“Күңдүзгү стационарларда 1 миң 548 орундук даярдалды. Буга чейин ар бир район, шаарга 200дөн кем эмес орундук даярдоо боюнча тапшырма бергенбиз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий