• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баткен облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 12:39да Таджикистан Республикасынын аймагында жер титирөө катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий