Министр Айдарбеков Люксембургдун ТИМ башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Люксембургдун тышкы иштер жана европа иштери министри Жан Ассельборн менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө эки өлкөдө көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселелерге өзүнчө токтолушкан.

Министр Ч.Айдарбеков COVID-19га каршы глобалдуу жооп кайтаруу аракети үчүн Люксембург өкмөтүнүн Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун дарегине кошкон салымын оң баалады.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин 2020-жылдын 13-февралында Люксембургга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруу жолдору талкууланды.

Министрлер ошондой эле БУУ, ЕККУ жана эл аралык финансылык уюмдардын линиясы боюнча көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

Пикир

Оставить комментарий