• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР жана Малайзия ТИМдеринин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча ниет катына кол коюлду

Саясат 0


Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Замбри Абдул Кадир сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу боюнча ниет катына кол койду.

Белгиленгендей, ниет каты өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жаңы башталышы болуп саналат. Аталган кат соода, инвестиция, билим берүү жана туризмди камтыган кеңири чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө болгон биргелешкен милдеттенмени чагылдырат.

Күтүлгөндөй, келишим жакынкы жылдарда эки өлкөнүн ортосунда тыгыз кызматташууга жол ачат.

Белгилей кетсек, Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча күн мурун Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Бул анын өлкөгө болгон алгачкы визити.

Расмий сапардын алкагында Малайзия ТИМ башчысынын президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулары пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий