Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу кытай тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Тараптар алдыдагы окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды берүү, кыргыз-кытай класстарын, факультеттерин жана институттарын түзүү, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын аймактарындагы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Пикир
Оставить комментарий