• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Баткенде каза болгон 15 адамдын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон кенемте төлөнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Баткен облусун калыбына келтирүүгө 6 млрддан 8 млрд сомго чейинки каражат бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каражат Баткен облусундагы жабыркаган үйлөрдү, объекттерди калыбына келтирүүгө, жолдорду салууга, компенсацияларга, облусту өнүктүрүүгө жумшалат.

"Каза болгондорго кенемте өзүнчө бюджет менен кетет. Каза болгон 15 жай тургундун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилет. Жарадарларга да жаракатына жараша кенемте төлөнөт. Чечим чыкты. Ал эми аскер адамдары боюнча ар бир каза болгон баланын өздүктөрү аныкталып, канчадан алары боюнча суммалары такталды, укуктук-ченемдик документтерди тийиштүү органдар иштеп жатышат", - деди Акылбек Жапаров.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий