• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Студенттердин 8 стартап-долбоору мамлекеттик каржылоо алат

Билим 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Студенттердин 8 стартап-долбоорун мамлекет каржылай турган болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, каржылык колдоо көрсөтүү чечими министрлер кабинетине караштуу “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңешмеде кабыл алынган.

Анын ишине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана бир катар министрликтердин өкүлдөрү онлайн/оффлайн форматында катышты.

Байсалов өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө студенттик стартап-долбоорлордун орду чоң экендигин айтып, дүйнөдө бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы курч экендигин белгиледи.

“Биз жеңүүчү аталган долбоорлорго талапты катуу коюу менен жакшы шарттарды түзүп бергенге даярбыз. Анткени акчаны бөлүп берип коюу оңой, бирок аны ишке ашыруу, атаандаштыкка туруштук берүү татаал”, - деди Эдил Байсалов.

“Студенттик стартап” сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер үч баскычтуу: жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодон өтүп, жыйынтыгында 8 стартап-долбоор финалга өткөн.

Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактардагы стартап-долбоорлорун жакташты.

Студенттердин стартап-долбоорлорун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган. Анын 3 млн 160 миң 744 сому өздөштүрүлүп, жеңүүчү аталган 8 стартап-долбоорго же башкача айтканда, 7 университет, 1 колледждин студенттеринин стартап-долбоорлоруна бөлүнүп берилет.

Тагыраагы:

1. Ош мамлекеттик университети – PARKING.G – Акылдуу тосмо (унаа токтотуучу жайларды жана төлөм системаларын автоматташтыруу) стартап-долбоору, 989 миң 687 сом;
2. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети – Санариптештирилген айыл чарба “Мал-Жан-Санак” стартап-долбоору, 770 миң сом;
3. “Ала Тоо” Эл аралык университети – “ECG Vision” автоматташтырылган ЭКГ декоддоо (окуу) системасы стартап-долбоору, 725 миң сом;
4. Кыргыз-Түрк “Манас” университети – “Basi - KG” энтомопатогендик козу карындын негизинде биоинсектицид өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу стартап-долбоору, 556 миң 300 сом;
5. Баткен мамлекеттик университети – “FilterFish” стартап-долбоору, 435 миң 344 сом;
6. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – ОЗОН-1 стерилизатору (SMART OZONATOR) стартап-долбоору, 300 миң сом;
7. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – “Эмизүүчү (саан) малдын бруцеллез оорусунун экспресс-диагностикасы” стартап-долбоору, 257 миң сом;
8. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи – “Күнөсканада карагайларды, декоративдүү дарактарды, декоративдүү гүлдөрдү, мөмөлөрдү жана башка көчөттөрдү өстүрүү” стартап-долбоору, 117 миң сом.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды ишке киргизүү, жаштар ишкердигине дем берүү жана андан ары илгерилетүүнү камсыз кылуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартында №128 “Студенттик стартап” пилоттук программасы жөнүндө” токтому кабыл алынган.

“Студенттик стартап” сынагына билдирмелерди кабыл алуу 2023-жылдын 6-октябрынан 6-ноябрына чейин жүргүзүлгөн.

2022-жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын 30 жогорку окуу жайында креативдүү экономиканы, ишкерликти колдоо жана жаштардын стартап долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында бизнес-инкубаторлор ачылган.

Пикир

Оставить комментарий