• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Математика боюнча республикалык олимпиаданын 1-этабынын жыйынтыктары чыкты

Билим 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. 26-декабрда Математика боюнча республикалык олимпиаданын 1-этабы онлайн режимде болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиаданы Билим берүү министрлиги жана Кыргыз-Швед математикалык мектеби (KSMS) уюштурду.

Жалпы катталган 14 500 окуучунун ичинен 9009у олимпиадага катышты.

Аталган олимпиаданын шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын менчик түрүнө карабастан, жалпы билим берүүчү уюмдарынын 6-11-класстарынын окуучулары онлайн каттоодон өтүштү.

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен өттү. 1-2-3-орунду алгандар электрондук дипломдор менен сыйланып, калган катышуучуларга электрондук сертификаттар жөнөтүлдү.

1-этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи, финалдык этапка 9-11-класстардын арасынан 77 окуучу өттү.

Финалдык этап 2021-жылдын 5-январында саат 10:00дө KSMS мектебинде салттык форматта башталат (дареги: Бишкек ш., С. Каралаев көч., 2/2, Койбагаров көчөсү менен кесилишет).

Пикир

Оставить комментарий