• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министри Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдүн "Золотые пески" пансионатынын жанында каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун жакындары менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышты.

Министр Улан Ниязбеков маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Улан Ниязбеков жакындарынын, ошондой эле күбөлөрдүн пикирин угуп, облустук жана райондук милиция тарабынан окуянын бардык жагдайлары иликтенип жаткандыгына ишендирди.

"Бул иш президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө, тергөөнүн ар бир аракети менен жеке таанышып, изилдеп жатабыз. Мындан тышкары, кандайдыр бир шектенүүлөрдү жоюу максатында тергөө амалдарын жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бардык тергөө процесстери тууралуу туугандарына маалымат берилип турат", - деди Ниязалиев.

Маркумдун ата-энеси жана жакындары ИИМ жетекчилигине болуп өткөн окуяга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тергөө объективдүү жүргүзүлөт деген үмүтүн билдиришти.

Эскерте кетсек, 6-августтун таңында аталган пансионатта Талас облусунун тургуну 23 жаштагы А.Б. каза болгону тууралуу маалымат тараган. Анын агасынын айтымында, инисин балдар уруп өлтүрүп коюшкан.

Бирок, милиция каза болгон жарандын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси жок экенин маалымдаган.

Резонанстуу окуядан кийин бул ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алганы маалымдалган.

Кечээ, 10-июлда Ысык-Көл ИИБде жаш жигиттин өлүмүн аныктоо үчүн тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий