• 87
  • 90.63
  • 0.79

Министр Жаныбеков SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар жана Франция Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун максаты SUEZ Group компаниясынын вице-президенти Филипп Амар менен жакындан танышуу жана мындан аркы кызматташууну жакшыртуу.

Франция Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус бул компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып, компания учурда дүйнөнүн жүздөн ашык шаарында иштеп жаткандыгын жана суу ресурстарын башкаруу, айыл чарбасы тармагында ийгилик жараткан тажрыйбалуу компаниялардын сап башында тураарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тыгыз кызматташуу тууралуу сунуш-пикирлери менен бөлүшүп, мындан ары иш алып баруу боюнча ойлорун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий