• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лейлек районунда эки айда өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыгы катталган эмес

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2 айында Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыгы катталган эмес. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери район аймагындагы мектептерде жолдо жүрүүнүн эрежелерин, жол белгилеринин түшүнүктөрүн окутуп үйрөтүүдө. Бул сабактар негизинен башталгыч мектеп класстарынын окуучуларына көрсөтмө куралдар менен окутулууда.

Ошондой эле жол четине жайгашкан мектептердин окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында эрте менен ЖККК кызматкери ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

"2021-жылдын 2 ай аралыгында жаш өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталган эмес", - деп айтылат облустук милиция тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий