• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Амангелдиев: 2024-жылы ИДП, өнөр жай жана айыл чарбасында олуттуу өсүш белгиленди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. “Ынтымак-Ордо” президенттик администрациясында өлкөнүн 2024-жылдагы өнүгүү жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.

Бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баяндама жасады.

Ал өз баяндамасында ИДПнын, өнөр жайдын жана айыл чарбасынын олуттуу өсүшүн белгиледи.

“Ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 523 млн сомду түзүп, 9%га көбөйдү. Кумтөрдү кошпогондо 10,3%га өсүш катталды. Ички дүң продукцияны жан башына бөлгөндө 2 431 АКШ долларын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 585 млрд сомдон ашты, мунай иштетүү жана алтын казып алууну кошкондо 102 жаңы ишкананы ишке киргизүүнүн эсебинен өсүш 5,6% ды түздү. Автоунаа чыгаруу башталды. Дүң өндүрүштүн көлөмү 395,6 млрд сомго жетип, өсүш 6,3% түздү", - деди Данияр Амангелдиев.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, дан эгиндеринин, тактап айтканда, буудайдын жана кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнүн олуттуу өсүшү белгиленди, бул өлкөнүн кантка болгон ички керектөөсүн толугу менен канааттандырууга мүмкүндүк берди.

Ал ошондой эле тышкы соода көлөмү 14,6 млрд АКШ долларын түзүп, экспорттун көлөмү 21,3% га көбөйүп, импорттун көлөмү 0,8% га төмөндөгөнүн айтты.

“Инфляциянын деңгээли жылдын аягына карата 6,3% га чейин төмөндөдү, бул тышкы тобокелдиктерге карабастан төмөндөөнүн үчүнчү жылы болуп саналат. Жаңы ишканаларга инвестициялардын жалпы көлөмү 2,2 млрд АКШ долларын түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү”, - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Пикир

Оставить комментарий