• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Министрлер кабинетинде күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Атап айтканда, экономика тармактарынын келе жаткан жылытуу мезгилине даярдыгы, Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыздоо маселелери, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагы маселелер жана милдеттер, курулуш тармагындагы учурдагы жана пландаштырылган долбоорлор талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий