• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Министрлер кабинетинин Лениндин эстелигин алуу боюнча планы жок – Байсалов

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектин эски аянтындагы Лениндин эстелигин алуу маселелери боюнча пикирин Х (мурдагы Твиттер) баракчасына жазды.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин Владимир Ильич Лениндин эстелигин алуу боюнча планы жок.

“Ала-Тоо аянтындагы В.И.Лениндин эстелигинин статусу 2000-жылы мыйзам менен бекитилген. Ошол үчүн ал эски аянтка көчүрүлгөн. Баса, Лениндин эстеликтерин бузууга алгачкылардан болуп Турдакун Усубалиев каршы чыккан. Биз өткөн менен күрөшпөйбүз. Биз өтмүшкө таянып, бардык жакшылыктарды унутпай, жамандыктан сабак алып, жаңы өлкө куруп жатабыз. Министрлер кабинетинин бул маселени демилгелөө планы жок” , - деди Эдил Байсалов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев парламенттин 15-январдагы жыйынында эски аянттагы Лениндин эстелигин алып, ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюуну сунуштаган.

Бул демилге коомдо талкуу пайда кылды. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков да пикирин айтып, социалдык тармактагы баракчасына Лениндин эстелиги өз ордунда каларын жазды.

Пикир

Оставить комментарий