Бишкек, 17.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Ынтымак-Ордодо" министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгы жана жаңырган жылга милдеттери боюнча жыйыны өтүүдө.
Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, өлкөдөгү аткарылган иштер, жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.
Жыйында төмөнкүдөй маселелер каралууда:
- 2024-жылга карай социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги жыйынтыктары жана 2025-жылга өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө;
- Келечектүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекитүү;
- 2024-жылга мамлекеттик бюджетинин аткарылышынын жүрүшү жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө;
- Энергетика министрлигинин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары, тармактык реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү жана 2025-жылга милдеттери;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары, тармактык реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү жана 2025-жылга милдеттери;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2025-жылга карай милдеттери;
- Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2025-жылга артыкчылыктуу багыттары.
Аталган бардык тармактарды жетектеген тийиштүү жетекчилер жана министрлер жыйындын жүрүшүндө толук маалымат беришмекчи.
Пикир
Оставить комментарий