• 87
  • 90.41
  • 0.84

Минкаб башчысы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен "Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү 2024" Улуттук өнүктүрүү форумунун алкагында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы учурдагы эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча стратегиялык долбоорду алга жылдыруу жана министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулашты.

Тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий