• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Премьер-министр С.Жээнбеков: Тамчылатып суугаруу технологиясын өздөштүрүүгө Өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. «Айыл чарба тармагында тамчылатып сугаруу технологияларын киргизүүгө колдоо көрсөтүлдү. Республика боюнча 300 жаңы теплицанын курулушу жана ишке кириши камсыз болду. Ошондой эле мал союучу жана этти кайра иштетүүчү 10 заманбап ишкананын курулушу башталды», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга сунуштап жатып. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле 2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча Программа бекитилип, ишке ашырыла баштаганын билдирди.

«2016-жылы республика боюнча 32 жаңы МТС жана техсервистер ачылды. Лизингге жалпы суммасы 376,7 млн сом өлчөмүндө 259 техника берилди. 2017-2026-жылдарга Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты, жакында кабыл алабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы белгилегендей, айылдарды таза суу жана саркынды суулар системасы менен камсыз кылуу максатында өткөн жылы 2026-жылга чейин Кыргызстандын айылдарын ичүүчү суу жана саркынды суулар системасын өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынды.

«Стратегияны ишке ашыруу Планына ылайык 2026-жылга чейин республика боюнча 657 айылдын жана 22 шаардын, ошондой эле 26 райондун борборундагы суу курулмалары менен канализация системалары оңдолот жана салынат.», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий