• 87
  • 90.55
  • 0.84

Минскте Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин элесине арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Кечээ, 7-майда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик Жеӊиштин 76 жылдык мааракесинин алкагында Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы биргелешип уюштурган Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин жаркын элесине арналган миниг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган митинг-реквиемге элчиликтин жетекчилиги жана кызматкерлери, Октябрь районунун администрациясынын жетекчилиги, ардагерлер, коомдук жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандагы Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов жана Минск шаарынын Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Александр Мацевич ардагерлерди майрамы менен куттукташты.

Ибраимов өз сөзүндө эркиндик менен көз карандысыздыкты жеӊип берген ардагерлерге тереӊ таазимин билдирип, ал жеӊиш Кыргызстан менен Беларусь элининин жалпы тарыхынын жаркын барактары болуп калганынбелгиледи. Ошону менен бирге, Беларусиянын борборунда тургузулган кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевдин эстелиги эки элдин достугу менен жакындыгынын символу экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде, Мацевич ардагерлерди жана митингдин катышуучуларын куттуктап, «Жумаш Асаналиевдин образы биримдиктин жана ынтымактын, чыныгы патриоттук менен Мекенди сүйүүнүн символу»,- деп белгиледи.

Октябрь райондук ардагерлер кеӊешинин төрайымы Любовь Хвойницкая кыргызстандык баатыр Жумаш Асаналиевге арнап жазган өзүнүн ырын окуп, окуучулар баатырга арналган ырларды көркөм айтып беришти.

Аягында, Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүлчамбар коюу аземи болуп, элчилик тарабынан ардагерлерге азык-түлүктөн турган жардам тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий