• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кыргызстандын Япониядагы элчиси "Санариптик коомду илгерилетүү" уюмунун төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. 28-май күнү Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаевдин "Санариптик коомду илгерилетүү" уюмунун төрагасы жана "Smart EcoSystem Co., Ltd" компаниясынын башчысы Сожи Сузуки менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстанда 2020-жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылы деп жарыялангандыгын айтып, ага байланыштуу, Кыргызстан Япониянын алдыңкы санариптик технологияларын тартууга өзгөчө маани берерин билдирген.

Өз кезегинде Сожи Сузуки алардын уюмунун ишмердүүлүгү жана кызматташуу багыттары тууралуу маалымат берген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жооптуу органдарынын катышуусу менен видеоконференция уюштурууну макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий