Ташкент, 15.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Абу-Дабидеги Туруктуу өнүгүү жумалыгында сүйлөгөн сөзүндө эл аралык компанияларды Борбор Азиядагы кайра жаралуучу энергия долбоорлорун чогуу ишке ашырууга чакырды, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Анын айтымында, Борбор Азия күн, суу жана шамал энергетикасы, ошондой эле жашыл суутек өндүрүү жаатындагы эбегейсиз потенциалды биргелешип ишке ашырууга кызыкдар. Бир гана Өзбекстандын өзүндө эле 500 гигаватт күн, 100 гигаватт шамал жана 10 гигаватт гидроэлектростанцияларды өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар.
"Биздин аймак урандын жана башка маанилүү стратегиялык чийки заттын аябай чоң запастарына бай. Бул жаатта биз чет элдик өнөктөштөрүбүзгө эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз", — деди Мирзиёев.
Ал бүгүнкү күндө Өзбекстанда "жашыл" өнүгүү жалпы улуттук кыймылдын деңгээлине көтөрүлгөнүн өзгөчө белгиледи. "Биз бул багытта аймактык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана Борбордук Азияны «жашыл» экономиканы жана "таза энергетиканы" өнүктүрүү борборлорунун бирине айландыруу ниетиндебиз", - деп баса белгиледи өзбек лидери.
Ошондой эле Мирзиёев бул форумга катышып жаткан алдыңкы илимий борборлорду, эксперттерди жана окумуштууларды илимий-инновациялык программаларды ишке ашырууда Ташкентте ачылган Green University менен активдүү кызматташууга чакырды.
"Туруктуу жана "жашыл" өнүгүү жолуна түшкөн жаңы Өзбекстан бүткүл дүйнө үчүн ачык жана биз сиздерди кеңири практикалык кызматташууга чакырабыз", - деп жыйынтыктады Шавкат Мирзиёев.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын башчысы учурда БАЭде расмий иш сапары менен жүрөт. Анын иш сапарынын алкагында эмираттык компаниялар менен 15 жаңы инвестициялык келишимге кол коюлду.
Пикир
Оставить комментарий