МКК: Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги узартылат

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Залкарбек Карыбеков социалдык тармактардагы арыздарга байланыштуу борбордогу бир катар калкты тейлөө борборлорун (КТБ) кыдырды.

МККнын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн негизги максаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, КТБларда кадрлардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана кызматкерлер менен борборго кайрылгандардын түздөн-түз өз ара аракеттерин жакшыртуу болуп саналат.

«Төраганын милдетин аткаруучу КТБ жөнөкөй кардар катары келип, борборлордо бардыгы биз каалагандай болбой жатканын белгиледи»,-деп айтылат маалыматта.

Карыбеков абал менен таанышуунун эң натыйжалуу жолу күтүүсүз баруу экенин дагы жолу түшүнгөнүн белгиледи. «Жыйынтыгында жарандарга ыңгайлуулук түзүү үчүн КТБлардын иштөө графигин өзгөртүүнү чечтик. Эртең менен ишти азайтуу үчүн кабыл алуу зонасын күчөтүүнү пландап жатабыз»,-деди ал.

Ошентип,КТБлардын иштөө графиги күндүн узундугун эске алуу менен жай мезгилинде гана өзгөртүлөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иштөө убактысын эртеңден баштап 31-августка чейин саат 08:00дон 19:00го чейин узартуу пландалууда.

Эскерте кетсек, акыркы убакта Бишкектеги КТБларда кезек күтүү тенденциясы байкалууда. Кезек күтүүлөрдүн бирден бир себеби КРнын 2020-жылкы үлгүдөгү жаңы биометрикалык жалпы жарандк паспортуна документтерди кабыл алуунун башталышына, андан тышкары эмгек өргүү мезгилинин башталганына байланыштуу.

Бирок, ден-соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандардан тышкары КТБнын бардык кызматкерлери кадимки режимде иштеп жатат.

Кезек күтүүлөрдун көп болуп жатканынын дагы бир себеби аймактардагы калкты тейлөө борборлорундагы шарттын жоктугуна байланыштуу жарандар шаарлардагы КТБларга кайрылып жатышканында.

Пикир

Оставить комментарий