• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМде мамтилди билүү деңгээлин аныктаган сынактан өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. ИИМ: Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-февралында ИИМдин Медициналык башкармалыгында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Бул иш-чарага ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы ички кызматтын майору Индира Абдыгулова, ИИМдин Башкы Штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек Орозакунов жана Медициналык башкармалыктын кызматкерлери катышты. Сертификат алган кызматкерлерге мындан ары да өздөрү эмгектенген кызматта мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуу боюнча сунуштар, каалоолор айтылды. Бүгүнкү күнгө карата Медициналык башкармалыктын 33 кызматкери “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өткөн.

ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомун ишке ашыруу боюнча ИИОнун кызматкерлерин “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү сынагынан өткөрүү иштери дагы деле улантылып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий