Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Көпчүлүккө белгилүү болгондой өткөн аптада "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жумушчу кийимин алмаштырып, имиджин өзгөрткөн.
Бул ирет алардын демилгесин "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери уланткан.
"Урматтуу шаар тургундары, биз шаардык кызматтары катышкан #трансформация челленджин токтоткон жокпуз. Тазалыктын эстафетасын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы улантты", - деп билдиришти мэриядан.
Сүрөткө ишкананын директору Виктория Мозгачева менен слесарлар түшкөн.
Пикир
Оставить комментарий