Москва — Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Москва — Бишкек багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, россиялык "Победа" авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарды аткара баштады. Москва (Внуково аэропорту) – Ош багыты боюнча каттамдар ушул жылдын 26-апрелинен тартып күн сайын аткарылат. Билеттерди сатып алуу жеткиликтүү.

"Победа" — "Аэрофлот" тобунун бюджети төмөн арзан авиакомпаниясы. Аталган авиакомпания Москванын Внуково жана Шереметьево аэропортторунда жайгашкан.

Аталган авиакомпаниянын паркы эконом класстагы кабиналары бар Boeing 737-800 учактарынан турат. Кыргызстан "Победанын" алтынчы эл аралык багыты болуп калат, учурда ал Түркия, БАЭ, Беларусь, Армения жана Өзбекстанга каттайт.

Пикир

Оставить комментарий