• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Москвада Бексултан Жакиевдин чыгармасы боюнча "Саадак какты" спектакли көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Күн мурун Россиянын Кичи театрынын сахнасында Бексултан Жакиевдин чыгармасы боюнча Бишкек шаардык Арсен Умуралиев атындагы драма театрынын “Саадак какты” аттуу спектакли ийгиликтүү көрсөтүлдү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чара Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү. Москванын театр искусствосунун баалочулары кыргыз актерлоруна таазим этишти.

Спектаклдин режиссёру – Санкт-Петербург театр академиясынын Геннадий Тростянецкий устатканасынын бүтүрүүчүсү Уланмырза Карыпбаев.
Ценограф жана костюмдардын сүрөтчүсү – Зухра Мукамбетова.
Пластика боюнча режиссёр – А. Ваганов атындагы Хореография академиясынын бүтүрүүчүсү Алина Мамбеталиева.

Пикир

Оставить комментарий