Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Москванын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин үчүнчү кабатынан 2 жашар кыргызстандык бөбөк кулап түшкөн. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык Менжин көчөсүндө болжол менен 17:00дө болгон. 2017-жылкы кыз үйүндө жалгыз кароосуз калган.
“Жабыркаган кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген”, - деп айтылат малыматта.
Пикир
Оставить комментарий