• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Аламүдүндө “БМВ” жана “Кадиллак Эскалейд” унаалары толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кечээ, 8-июнда Чүйдүн Аламүдүн айылындагы Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан жалпы эки кабаттуу унаа тейлөөчү жайдын чатыры күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, “БМВ” менен “Кадиллак Эскалейд” үлгүсүндөгү эки унаа толугу менен өрттөнгөн.

Жалпы үч бөлүм саат 22:45те толук өчүргөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий