• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

Москвада Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өттү

Коом 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Москва шаарында 31-августта жана 1-сентябрда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар жана спорттук мелдештер өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспоралык уюмдары тарабынан уюштурулуп, ага Москва шарынын жана Москва облусунун аймагында убактылуу жашап жана иштеп жаткан мекендештер катышты.

Майрамдык иш-чара Москвадагы "Новослободский" маданий сейил багында өттү. Сейил бактын аймагына улуттук боз үй тигилип, ар улуттун өкүлдөрү кыргыздын улуттук тамак-ашынан даам татып, кыргыз маданияты менен тааныша алышты.

Парктын жайкы сахнасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын Маданий борбору жана өздүк көркөм чыгармачылык топтору тарабынан даярдалган чоң концерттик программа тартууланды. Ошондой эле, атайын бөлүнгөн аянттарда каалагандар үчүн бел боо күрөшү боюнча мелдеш, ордо, футбол оюндары ойнотулду, чоңдор жана балдар үчүн ар кандай аттракциондор кызматы тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий