• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Москвада "Кыз-жигит сармерден" фольклордук фестиваль-сынагы өткөрүлдү

Маданият 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Москва шаарында “Кыз-жигит Сармерден” музыкалык маданият жана каада-салттарынын фольклордук фестиваль-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, фестиваль-сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган. Иш-чара 18-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен Москвадагы Кыргыз маданият борбору тарабынан өткөрүлдү.

Маданий иш-чара кыргыз элинин маданий мурастарын жайылтуу, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, улуттук маданиятты, каада-салттарды сыйлоо жана аяр мамиле жасоо сезимин калыптандыруу максатында уюштурулду.

Фольклордук-музыкалык сынакта Москва шаарындагы кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү өз таланттарын көрсөтүштү.

Программада “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, Мекенге, эли-жерине болгон сүйүүнү даңазалаган кыргыз элдик ырлары аткарылып, улуттук каада-салттар, үрп-адаттар чагылдырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Активдүү катышуучулар элчиликтин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий