• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Москвада VII БРИКС Медиасаммити өтүүдө

Коом 0


Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Бүгүн Москвада россиялык ТАСС маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган БРИКСке мүчө мамлекеттердин Медиасаммити өз ишин баштады.

Иш-чарага бирикме аркылуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар болгон БРИКСке мүчө мамлекеттердин жана 45 өлкөнүн 60тан ашык алдыңкы медиа структураларынын жетекчилери катышууда.

Панелдик сессияларда БРИКС медиа коомчулугунун ролу талкууланмакчы.

ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов VII БРИКС Медиасаммитин ачып жатып, БРИКС бул саясий, экономикалык жана гуманитардык ченеми бар күч экенин белгиледи.

Маалымдалгандай, саммиттин негизги иш-чарасы 14-15-сентябрда өтөт. Анда "БРИКС медиасы: жаңы дүйнөнү карай технологиялык трансформация" деген аталышта панелдик дискуссия болот. Ошол эле күнү эки күндүн жыйынтыгы чыгарылып, БРИКС Медиасаммитинин декларациясы кабыл алынат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору башында турган кыргыз тараптын өкүлдөрү катышууда.

Саммит 15-сентябрга чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий