• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Москвадагы кыргызстандык медиктердин статусун жогорулатуу зарылдыгы белгиленди — элчилик

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кечээ, 30-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат КРнын медицина кызматкерлеринин Москвадагы жана Москва облусундагы ассоциациясынын жетекчиси жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москвадагы кыргыз дарыгерлеринин ишмердүүлүгү, алардын жетишкендиктери жана Россиянын борборундагы кыргыз жарандарынын медициналык кызмат көрсөтүүгө байланыштуу көйгөйлөрү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын элчиси кыргыз дарыгерлеринин Россиядагы статусун, квалификациясын жана ыйгарым укуктарын жогорулатуу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле алардын өз мекенинде COVID-19 менен күрөшүүдөгү өзгөчө ролун жана салымын белгиледи. Россиянын аймагында иштеген кыргыз дарыгерлеринин бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү, элчилик менен тутумдаштырылган ишти жолго коюуну, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашышты.

“Россиядагы кыргыздардын медициналык коомчулугунун кызыкчылыктарын илгерилетүүгө, ошондой эле Кыргызстандан келип Россияда эмгектенип жаткан жарандардын ден-соолугун сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү макулдашылды”,-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Мындан сырткары, Москва шаарында Кыргызстандын медицина кызматкерлери менен кеңири форматта жолугушуу өткөрүү пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий