• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 375 балага эсептелген айрым мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Бүгүнкү күнү ички миграцияга байланыштуу Бишкекте жана ага жакын аймактарда 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин Турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди.

Ал мисал катары Орок айыл аймагындагы мектепте балдар 4 нөөмөттө окуп жаткандарын айттып, андай көрүнүш көпчүлүк мектепте бар экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күнү ички миграцияга байланыштуу Бишкекте жана ага жакын аймактарда 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алууда. Мындан улам алар 3-4 нөөмөттө окуп жатышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий