• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

МСК кыйыр салыктар боюнча отчет берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине ылайык кыйыр салыктар боюнча отчет (форма STI-123_4) отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин берилиши керектигин эскертет.

Салык кодексинин 320-беренесин ишке ашыруунун алкагында кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын берүүгө өзгөчө талаптар коюлган.

Тактап айтканда, отчеттун экинчи тиркемесин – "Товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын реестрин" толтуруу милдеттүү болуп саналат.

Экинчи тиркемени толтурууда салык органы тарабынан берилген жана "ЕАЭБдин арыздар журналында" көрсөтүлгөн арыздардын туура номерлерин көрсөтүү маанилүү. Туура эмес номерлерди киргизүү ката кетирүүгө жана отчетту сактоо мүмкүн эместигине алып келет.

Арыз туура түзүлгөн учурда, ал система тарабынан иштелип чыккандан кийин "Кабыл алынды" статусу берилет. Аны "СТКнын статусу" графасынан көрүүгө болот.

Арыздын номерин көрүү үчүн "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнө кирип, "ЕАЭБ менен иштөөнү" тандап, андан кийин "Арыздар журналын" тандоо керек.

Арыздын номерин алуу үчүн "СТнын документинин номери" бөлүмүндөгү "Арыздын номерин алуу" баскычын басуу керек. Алынган номерди отчеттун экинчи тиркемесинде көрсөтүү керек.

Белгилей кетсек, арыз боюнча чечимди салык органы тарабынан кол коюлгандан кийин гана алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий