Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 кг салмак категориясында күчүн сынап, үчүнчү орунга татыды.

Белгилей кетсек, мелдеш 1-14-майда өттү.

Пикир

Оставить комментарий