Муратбек Азымбакиев Малайзиянын финансы министри менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Малайзиянын финансы, туризм, искусство жана маданият министрликтеринин жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуу Куала-Лумпур шаарында өткөн Ислам экономикасы жана финансысынын Глобалдык форумунун алкагында болду.

Малайзиянын каржы министри Амир Хамза Азизан менен жолугушууда делегация башчысы Кыргызстандын экономикалык абалы, өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары, мамлекеттик башкаруу тармагындагы масштабдуу реформалар, каржы-экономикалык саясат жана инвестициялык климат тууралуу маалымат берди.

Тараптар Малайзиянын каржы тармагындагы, өзгөчө исламдык каржылоо принциптерин киргизүү жаатындагы зор тажрыйбасын эске алуу менен кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча маселелерди талкуулашты. Малайзиялык тарап өзүнүн тажрыйбасы жана билими, анын ичинде каржы секторун башкаруу маселелери менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле туризм, искусство жана маданият министринин орун басары Акбар Хан менен жолугушуу болуп, анда искусство, маданият жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттер ортосунда ар кыл деңгээлдеги байланыштардын көптөн бери болбогонун эске алуу менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана келишимдик-укуктук мамилелерди аныктоо зарылдыгы белгиленди.

Тараптар өлкөлөр менен элдерди жакындаштыруунун маанилүү фактору Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз аба каттамдарын түзүү болорун макулдашты. Жолугушууда жетекчи министрлик мамлекеттердин туристтик потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алмашуунун үстүндө иш алып барарына ишендирди.

Мындан тышкары, эки тарап улуу мурасты жана дараметти эске алуу менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришип, биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу ниетин ырасташты.

Кыргыз Республикасынын делегациясы ошондой эле баалуу металлдардын толук цикли, анын ичинде зер буюмдарын сатып алуу, сатуу жана өндүрүү менен алектенген Малайзиянын алдыңкы «Паблик Голд» компаниясынын жетекчиси жана өкүлдөрү менен жолугушту. Компания Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий