• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Сентябрь айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы $291,9 млн түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Сентябрь айында Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу 291,9 млн АКШ доллары түшкөн. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча такталган статистика Улуттук банктын сайтында жайгаштырылган.

Экинчи тарыхый максимум (301,6 млн) болуп калган август айынын фонунда күздүн биринчи айында келип түшүүлөрдүн көлөмү 3%га, же 9,7 млн ​​долларга кыскарган. Бирок, ошентсе да, бул үчүнчү рекорддук тарыхый көрсөткүч болуп калды. Биринчиси июнь айындагы 317,2 млн доллар өлчөмүндө келип түшкөн.

"Анын негизги бөлүгү Россиядан жөнөтүлүп, ал 278,1 млн долларды түзгөн. Алыскы чет өлкөлөрдөн 13,2 млн доллар которулган", - деп айтылат маалыматта.

Тогуз айда эле жеке адамдар Кыргызстанга 2 млрд 211,5 млн доллар которгон. Өткөн жылы ушул эле мезгилдеги көрсөткүч 2 млрд 516,9 млн түзгөн, бул чет өлкөдөн акча которуулардын көлөмүнүн 12%га азайгандыгын айгинелейт.

Пикир

Оставить комментарий