• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2023-жылы "дем берүүчү" гранттардын эсебинен 319 объект бүткөрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 2023-жылы комиссиянын чечими менен "дем берүүчү" (үлүштүк) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн 332 долбоор бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 12 долбоор тендердин жыйынтыгы боюнча дем берүүчү грантт алуудан баш тартып, өздүк каражаттардын же башка булактардын эсебинен бүткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү беришкен.

Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берилген арыздары боюнча 2023-жылы республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 684,2 млн сом суммасындагы 320 долбоор каржыланган, бул такталган пландын 98,5%ын түзөт.

Жыйынтыгында 319 объект бүткөрүлүп, 1 долбоор подрядчы тарабынан жумуштарды өз убагында аткарбагандыгы үчүн бүтпөй калган.

Пикир

Оставить комментарий