• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 29.09.24. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында бир катар чет өлкөлүк делегациялардын башчылары жана өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Муратбек Азымбакиев Вануатунун премьер-министри Шарлот Салвай Табимасмас, Папуа Жаңы Гвинеянын премьер-министри Джеймс Марапе, Сент-Винсент жана Гренадин премьер-министри Ральф Гонсалвес, Гренаданын премьер-министри Дикон Митчелл жана Сент-Люсиянын тышкы иштер министри Альва Романус Баптист менен жолугушууларды өткөрдү.

Өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү, шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Баарлашуунун аягында аларга президент Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүч-катын тапшырды.

Мындан тышкары, Муратбек Азымбакиевдин ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, ККП БКнын тышкы иштер боюнча комиссиясынын канцеляриясынын башчысы жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Малайзиянын тышкы иштер министри Мохамад Хасан жана Ватикандын Мамлекеттик катчысы кардинал Пьетро Паролин менен кыска жолугушуулары болду.

Ошондой эле Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Зомбулук экстремизмдин алдын алуу боюнча глобалдык фонддун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Стефано Мансервиси менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Глобалдык фонддун террордук коркунучтарга каршы туруу жана зомбулук экстремизмдин алдын алуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий