• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанга Түркиядан “Дельта” катери алып келинди

Коом 0

Бишкек, 13.03.23./Кабар/. Түркия Кыргызстанга “Дельта” катерин берди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы келген "Дельта" катерин Кыргызстанга гранттык негизде берүү боюнча былтыр өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин Түркиянын ички иштер министри Суйлейман Сойлу менен болгон жолугушуусунда макулдашылган.

"Түркиянын аталган министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаал жана табигый кырсыктар AFAD башкармалыгы менен ӨКМ кырсыктардын алдын алууда тыгыз жана алгылыктуу кызматташып келет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 12-марттан тарта ӨКМдин суучулдары жана ыктыярчылар тарабынан көл суусун тазалоо иши Ысык-Көл облусунун Түп районунуна караштуу Ысык-Көл айылында башталды.

Пикир

Оставить комментарий