Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрь күнү Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков каза болду. Бул маалыматты министрликтен ырасташты.
Айрым маалыматтарга караганда, Исаков пневмония менен ооруган.
Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Ал 2019-жылдын 11-сентбрынан баштап 2020-жылдын 14-октябрына чейин Кыргызстандын билим берүү министри болгон.
Пикир
Оставить комментарий