Ташкент, 01.11.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов бүгүн өлкөдөгү дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан Кыргызстандын мурдагы элчиси Муса Жаманбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өзүнүн Telegram каналында билдирди.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелер бардык тармактарда болуп көрбөгөндөй динамикасын көрсөтүүдө. Биз өзбек-кыргыз боордоштук байланыштарын чыңдоого зор салым кошкон элчи мырзага чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди кааладык", - деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Муса Жаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2022-жылы дайындалган.
Пикир
Оставить комментарий