• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-июлунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түркмөн тарабынын демилгеси менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары 2021-жылдын 5-6-августунда Түркмөнстанда өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Р.Казакбаев менен Р.Мередов келе жаткан иш-чаранын мазмундуу бөлүгүн талкуулап, анын алкагында кабыл алууга пландаштырылган көп тараптуу документтерге өзгөчө көӊүл бурушту.

Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу бийик деӊгээлде жүргүзүлүп, регионалдык кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана кеӊейтүүгө дем берерине ишеним артышты.

Ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында өтүүгө пландаштырылган бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруу боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий